17:39 15 марта 2022

ОшМУда студенттер тарткан 4 кыска метраждуу тасма көрүүчүлөргө сунушталды

ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери «Алма», «Тазалык», «Коррупция », «Художник» аттуу 4 кыска метраждуу кино тартып, көрүүчүлөргө тартуулады.

Студенттер аталган кыска метраждуу кинолордун сценарийин өздөрү жазып, тартып, монтаждаган. Ошондой эле актердук курамды, режиссёрдук ишти өздөрү жасады.

Студенттер кинолорду 1 жумалык мастер-класстын жыйынтыгында даярдашты. Мастер-классты кино тармагынын дасыккан адистери Мурат Мамбектов, Адилет Акматов, Найзабек Сыдыков, Канат Асанакунов жана Эрнис Туленов өткөрдү.

Тренерлерге Киноакадемиянын ишин жакшыртууга, окуу жайдын кино тартуу тармагын өнүктүрүүдө ОшМУ менен тыгыз кызматташып, студенттерге билим берүүгө кошкон салымы үчүн ректордун ыраазычылык каты тапшырылды. Ал эми активдүү катышкандыгы үчүн студенттердин баарына сертификаттар берилди.

Алдыда студенттер алган билимдерин пайдаланып, өз алдынча кыска метраждуу кинолорду жаратып, республикалык, эл аралык сынактарга катышууга белсенишүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть