18:41 22 марта 2022

ОшТУнун командасы ЖОЖдор аралык спартакиадада 2-орунду камсыздады

Ош технологиялык университетинде 2022-жылдын 10-17-март аралыгында Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайлар ортосунда спартакиада өткөрүлдү.

Иш-чара билим берүү кызматкерлеринин ортосунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, дени сак жашоого үндөө, билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы биримдикти, ынтымактыкты чыңдоо максатында өткөрүлүп, ага Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайларда эмгектенген кызматкерлер катышты.

Мелдеште катышуучулар спорттун улуттук жана классикалык түрлөрү боюнча күч сынашты. Мелдештер Ош шаарында жайгашкан орто жана жогорку окуу жайлардын спортзалдарында, шаардык спорт комитетине караштуу спорттук жайларда өткөрүлдү. Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан 1-2-3-орунду камсыз кылган командалар диплом жана медаль, ал эми машыктыруучулар грамота жана медаль менен сыйланышты.

Аялдар арасында шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы:

  • 2-орун — М.М Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Маматкасымова Алийма, Жусуева Мерниса.

40 жашка чейинки теннис боюнча мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Гаипов Элдярбек, Исмаилова Розагүл.

Эркектер арасында 40 жаштан жогору теннис боюнча мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Божоков Талыпжан;, Каримов Акылбек, Лим Ен Сик.

Аялдар арасында теннис боюнча мелдештин жыйынтыгы:

  • 2-орун — М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Рысбекова Элмира, Бакирова Назгүл, Тойгонбаева Фариде.

Тогуз коргоол боюнча аялдар арасында мелдештин жыйынтыгы:

  • 3-орун — М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Тешебаева Майрамкан, Машаева Акдана, Абсамат кызы Гүлиза, Бекташова Роза.

Аялдар арасында волейбол боюнча жыйынтык:

  • 2-орун — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Маралова Венера, Жыргалбек кызы Фарида, Тойчубекова Гүлкан, Өмүрбек к Айымкан, Жанибек кызы Өмүркан, Абдизакир кызы Айжан, Алиева Анара, Сапарбай кызы Самара.

Кичи футбол боюнча жыйынтык:

  • 2-орун — М.М. дышев атындагы Ош технологиялык университети: Турабыев Чынгыз, Эркинбай у Нургазы, Рысалиев Нургелди, Шамшидин у Дайырбек, Тажидинов Ислам, Топчубай уулу Шерали, Токтосунов Мухаммед, Турдали уулу Кубаныч.

Эркектер арасындагы 40 жаштан жогорку волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:

  • 3-орун — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети: Жороев Туйгун, Андапулатов Алижан, Артыков Заирбек, Абдирашитов Кубат, Зулпукаров Жаныбек, Каримов Эдил, Суранчиев Анарбек, Артыков Сейитказы.

Стритбол боюнча мелдеште Ош технологиялык университетинин командасы 2-орунду камсыз кылды.

Ал эми жалпы командалык эсеп боюнча ОшТУ командасы 2-орунга ээ болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть