Ош технологиялык университетинде сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды.
Сүмөлөк кайнатуу аземине окуу жайдын жалпы жамааты катышып, куттуктоо сөздөрүн, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Бул саамалык окуу жайдын жетекчилиги, тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти, бириккен профсоюз комитети жана энергетика факультети тарабынан уюштурулуп, майрам ыр-күү менен коштолду.
Келген конокторго сый тамак уюштурулду.
Мындай майрамдык иш-чара жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.