17:50 24 марта 2022

ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен кызматташуусун кеңейтет

ОшМУнун ректору К.Кожобеков жана Эл аралык медицина факультетинин деканынын м.а. Р.Калматов 14-19-март күндөрү Испаниянын Кадис университетинде болду.

Алар Кадис университетинин ректору Франсиско Пиниелла Корбачо менен жолугушуп, эки тараптуу өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты. Анда биргелешкен PhD программаларын ишке ашыруу, жаш изилдөөчүлөр үчүн стажировкаларды уюштуруу, диссертацияларга биргелешип жетекчилик кылуу маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле ОшМУнун базасында Испаниянын маданият күндөрүн өткөрүү пландалды. Жыйындын алкагында ушул жылдын 23-25-май күндөрү Кадис университетинин делегациясы ОшМУга келери айтылды.

Иш сапардын алкагында К.Кожобеков Кадис университетинде мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

2022-жылдын апрель айында илимий диссертацияларга биргелешип жетекчилик кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ОшМУнун профессорлорунан турган делегация Кадис университетине барышат.

ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен «Эразмус+» программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть