11:56 28 марта 2022

ОшТУда «Биз — 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу жаштар сынагы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган «Биз — 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу жаштар сынагы өткөрүлдү.

Иш-чара Ош облусунда жыл сайын жаш, таланттуу балдарга келечекте өз өнөрлөрүн өркүндөтүүсүнө колдоо көрсөтүү макстында өткөрүлүп келет.

Сынакка Ош облусунун 100дөн жаш ойлоп табуучулары, мектеп окуучулары катышты. Алардын ичинен эң мыкты деп табылган эмгектерге атайын сыйлыктар, ойлоп табуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге дагы орундар ыйгарылды.

Сынактын жүрүшүндө ар бир катышуучу өздөрүнүн жасаган эмгектерин калыстардын сынына коюшту. Жалпысынан жети секция иш алып барып, алынып келинген эмгектердин көпчүлүгү техникага жана технологияга байланышкан.

Илимий-техникалык сынакта жаш ойлоп табуучулардын эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, мыкты деп табылган эмгекти жасаган жаш ойлоп табуучуларга ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынактын жеңүүчүлөрү республикалык сынакка катышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть