17:14 6 апреля 2022

ОшМУнун студенти «КМШнын мыкты студенти – 2022» аталды

Казакстандын улуттук «Бобек» кыймылы, Жаш окумуштуулардын эл аралык ассоцияциясы (Казахстан, Нур-Султан) тарабынан уюштурулган сынакка КМШнын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Сынакта студенттердин илим, искусство, спорт жана башка багыттар боюнча ийгиликтүү жана жигердүү иш-аракеттери каралды.

Жыйынтыгында ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 6-курсунун студенти Мохд Файзан Сидикки илим жана искусстводогу ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом жана «КМШнын мыкты студенти – 2022» медалы менен сыйланды.

Бул сыйлыктарга ээ болгон студенттер «Таланттуу жаштардын эл аралык энциклопедиясы, «КМШнын мыкты студенти – 2022»» жыйнагына киргизилет.

Мохд Файзан Сидикки 2021-жылы ушул эле номинациянын «Жаш окумуштуу» наамын алган. Студентти эл аралык медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Р.Калматов куттуктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть