17:46 27 апреля 2022

ОшТУнун студенттери «Ромео жана Джульетта» чыгармасын англис тилинде сахналаштырып көрсөтүштү

Ош технологиялык университетинде компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан акын жана драматург Уильям Шекспирдин туулган күнүнүн урматына арналган аиш-чара өткөрүлдү.

Анда жазуучунун калеминен жаралган «Ромео жана Джульетта» чыгармасын студенттер англис тилинде сахналаштырып көрсөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, алардын англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, өздөрү окуп жаткан тилдин өкүлдөрү болгон элдердин маданиятын, каада-салтын терең өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат.

Уильям Шекспир 1564-жылы 23-апрелде Эйвон дарыясынын боюнда жайгашкан англис шаарчасы Стратфорддо төрөлгөн. Анын жазган чыгармалары канча кылым өтсө да, дүйнөдөгү бардык элдердин тилдерине которулуп, окурмандар арасында популярдуулугун жоготпой келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть