17:20 27 апреля 2022

Медакадемиянын командасы медициналык паразитология боюнча эл аралык олимпиадада 1-орунду ээледи

2022-жылдын 22-апрелинде КММАда медициналык паразитология боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү.

Олимпиаданы «Медициналык биология, генетика жана паразитология» кафедрасы уюштурду. Ага С.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинин «Многоклеточные» командасы, Өзбекстандын Абу Али ибн Сина атындагы Бухара мамлекеттик институтунан «Наследники Абу Али ибн Сина» командасы, ОшМУнун медицина факультетинен «Охотники за паразитами», Кыргыз-Россия Славян университетинин «Славянские цепни», И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан «Дети Гиппократа» командалары катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар менен саламдашуу сөзү эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору м.и.и.д., профессор Гүлмира Жумалиевага, «Медициналык биология, генетика жана паразитология» кафедрасынын башчысы, м.и.д., профессор Өмүрбек Куттубаевге берилди.

Олимпиада бир нече этаптан турду: видеовизитка (видео клип), практикалык бөлүк, ситуациялык тапшырма, үнсүз сүрөттү аныктоо, блиц-сурамжылоо, пазл кубу жана өздүк суроо.

Калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын командасы ээледи. 2-орунду Кыргыз-Россия Славян университетинин командасы ээледи. Ал эми 3-орунду Өзбекстандын Абу Али ибн Сина атындагы Бухара мамлекеттик институтунун командасы ээледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть