17:45 17 мая 2022

ОшМПУда профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү.

Так илимдерге багытталган илимий-практикалык конференция өзүнө Кыргызстандын бардык ЖОЖдорун жана Казань, Перьм, Казакстандын катышуучуларын да камтыды.

Аталган конференция «Санариптештирүү мезгилиндеги билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялары» деген теманын негизинде болду. Ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты, Мадраимовдун устат-шакирттери, бүтүрүүчүлөрү жана кесиптештери катышышты.

Конференциянын катышуучулары алгач Сапарбек Мадраимовдун окуу каанасы менен таанышып чыгып, профессордун бөлмөдө топтолгон эмгектерине күбө болушту. Аны улай профессордун өмүр жолун чагылдырган документалдык тасма көрсөтүлүп, ар бир жамаат профессордун жашоодогу ордун, жасаган эмгектерин жана адамдык сапаттарын белгилешип, 75 жаш юбилейи менен куттукташты. Мында профессор окуу жай тарабынан «Ардактуу профессор» диплому менен сыйланып, ОшМУнун «Эмгек сиңирген ишмери» наамына ээ болду. Бул менен бирге кесиптештери, бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн белектерин тапшыруу менен куттуктоолорун билдиришти.

Бул иш-чарага санариптештирүү багытында 100дөн ашуун макала кабыл алынган. Анын катарында пленардык жыйында Топчубай Исаков, Аида Осконова жана Эралы Арынбаев өз баяндамаларын жасашты. Андан соң жалпы окутуучулар секцияларга бөлүнүшүп, алар 7 багытта макалаларын коргошту. Секциялык иштердин жүрүшүндө санариптештирүү доорунда математикалык, педагогикалык, филологиялык, табигый, гуманитардык илимдеринин өнүгүү тенденциялары жана талаптары багытында бир топ маалыматтар айтылды.

Жыйынтыгында ар бир секциядан мыкты баяндамачылар тандалып, аларга сертификаттар тапшырылып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть