17:24 18 мая 2022

Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алышат

Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тарыхчы-окумуштуулар ОшМУда болуп, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту.

Жолугушууда Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосунда 5 жылдан бери ишке ашып келе жаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери жөнүндө сөз болду.

Учурда изилдөөчүлөрдү Батыш Чех университетинин профессору, археология кафедрасынын башчысы Павел Варжека жетектеп келген. Алар 16-майдан 16-июнга чейин Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык Кушан доорундагы археологиялык казууларды жүргүзүшөт.

«Археологиялык изилдөөлөргө ОшМУдан адистер, студенттер да катышат. Андан сырткары, ОшМУга Батыш Чех университетинен 3 докторант, 3 магистрант да келген. Алар окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт», - деди чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть