8:14 31 мая 2022

ЫМУда «I Эл аралык «Манас» педагогикалык изилдөөлөр» конгрессинин офлайн форматы болуп өттү

2022-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан Карабүк университети, Эрзинжан Биналы Йылдырым университеттеринин колдоосу менен уюштурулган “I Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр” конгрессинин офлайн форматы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.

Конгресске Кыргыз-Түрк “Манас” университеттин гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков; гуманитардык факультетинин деканы, ректордун башкы кеңешчиси Ахмет Беше; доктор, профессор Эркан Эфилти; профессор, доктор Йавуз Эржан Гүл; филология илимдеринин кандидаты, доцент Райхан Таштемирова; филология илимдеринин кандидаты Салтанат Мамбаева; филолология илимдеринин кандидаты, доцент Калия Кулалиева; Лейла Бабатүрк; ага окутуучу Рахат Аскарова ж.б. конок катары келишти.

Конгресстин пленардык отурумунан кийин секциялык отурумдун иши башталды. Биринчи секциялык жыйында баардыгы 11 илимий доклад окулуп, кенен пикир алышуу болду. Айрыкча КТМУнун окумуштуулары Лейла Бабатурк, К. Кулалиева, Н.Карыбекова, А. Усупбаева, Р. Аскаровалар өтө кызыктуу баяндамаларды жасап, суроо-жооптор алынды. ЫМУнун окутуучулары А.Койлубаева, Д.Боконтаева, Ч.Сооронбаева, А.Анапияевалар билим берүүнүн актуалдуулугу, учурдагы абалы, тенденциялары тууралуу илимий изилдөөлөрдү ортого салышты. Соңунда атайын сертификат жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Экинчи секциялык отурумда кыргыз элдик педагогикасы, андагы багыттар, элдик оозеки чыгармалардагы жана акын, жазуучулардын чыгармаларындагы педагогикалык ойлор жөнүндө кызыктуу баяндамалар жасалып, талкуулар жүрдү. Отурумда п.и.д., доктору, профессор А.Алимбековдун “Кыргыз жана түрк макалдарындагы толеранттуулукка тарбиялоо идеялары”; профессор, доктор Йавуз Эржан Гүлдүн “Коомдук адилеттүүлүк тууралуу түшүнүктөрүнүн изилдениши”; ф.и.к. Р.Таштемированын “Ч.Айтматовдун чыгармалары жаштардын адеп-ахлак ыйманга тарбиялоодо негизги таяныч катары”; ф.и.к., доцент С.Мамбаеванын “Кыргызстанда котормочуларды даярдоо жана алардын компетенттүүлүгүн арттыруу”, “Кыргыздардын жана Америка индеец урууларындагы үй-бүлөлүк баалуулуктары”; ф.и.к., доцент Т.Ж.Асирдинова менен А.Данилованын “Кыргыз тилинин фразеологизмдериндеги гендерлик стереотиптер”; ф.и.к., доцент Н.Жумашова менен Н.Усонованын “Жеңижоктун чыграмачылыгындагы айтыш өнөрү”; п.и.к. С.А.Ткачёва менен Насир Ахмаддын “Особенности духовно-нравственного развития личности средствами индийской субконтинентной народной педагогики”, ф.и.к., доцент Г.Абыласынова менен К.Юсупованын “Сущность и содержание понятия “дистанционное обучение”" деген темалардагы баяндамалары каралган. Айрыкча п.и.д., доктору, профессор А.Алимбековдун “Кыргыз жана түрк макалдарындагы толеранттуулукка тарбиялоо идеялары”; профессор, доктор Йавуз Эржан Гүлдүн “Коомдук адилеттүүлүк тууралуу түшүнүктөрүнүн изилдениши”; ф.и.к. Р.Таштемированын “Ч.Айтматовдун чыгармалары жаштардын адеп-ахлак ыйманга тарбиялоодо негизги таяныч катары”; ф.и.к., доцент С.Мамбаеванын “Кыргыздардын жана Америка индеец урууларындагы үй-бүлөлүк баалуулуктары” деген баяндамалары кызыгууну туудуруп, кызуу талкуу жаратты.

Отурум жагымдуу атмосферада өтүп, окутуп-тарбиялоодо, илим изилдөөдө мындан ары да кызматташууну бекемдөөнүн зарылдыгын баса белгилешип, биргелешкен мындай иш чаралар алдыда көп болот деген маанайда аяктады. Аягында катышуучуларга сертификаттар, уюштуруу иштерине активдүү катышкандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть