17:20 7 июня 2022

КМУда ага окутуучу Тагай Мурзаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

2-июнда КМУнун педагогика факультетинде «Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы» кафедрасынын демилгеси менен кафедранын ага окутуучусу Мурзаев Тагай Турсункуловичтин 70 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага факультеттин жалпы жамааты жана педагогика илиминин доктору, профессор Ш.Алиев, физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.Алымбаев жана Бириккен профсоюздар уюмунун төрагасы Назар Догтурбек уулу катышып, агайдын басып өткөн жолуна, педагогикалык ишмердүүлүгүнө токтолушту.

«Тагай Турсункулович өз адистигин мыкты өздөштүргөн, табиятынан тарбиячы десек жанылышпайбыз. Өтүлгөн сабактарында математика илиминин кереметин студенттердин көңүл чордонуна жеткире берип, турмуштагы ордун образдуу бере билет.

Айрыкча, азыркы рыноктун шартында, адамдардын жаратылышы менен таанып-билүү түшүнүктөрүнүн баскычынын диспропорциясы чоңоюп, адамдардын психикасы сезилерлик айырмаланып барат. Тагай агай ушул кыйынчылыкты студенттер менен жандуу талкуулап, баалуулуктардын алмашуусунда чыныгы туура көз карашка ээ кылуу аракетин жасай билет.

Бир сөз менен айтсак, Тагай агай — методист, тажрыйбалуу психолог», - дешти КМУдан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть