17:07 10 июня 2022

ОшТУнун студенттери Япония мамлекетинен окуусун уланта алышат

Ош технологиялык университетине Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунун Япония мамлекетиндеги директору Иваи Ацуму иш сапары менен келип кетти.

Бул борбор 1995-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуусу менен түзүлгөн жана Кыргызстан менен Япония мамлекетинин билим берүү мекемелерин бириктирүүчү платформа болуп эсептелет. Ошондой эле Япон фонду менен узак убакыттан бери кызматташып келет. Мында атайын бизнес курстар уюштурулуп, эки өлкөнүн жарандары катыша алышат, япон тилине кызыккандар үчүн курстар өткөрүлөт, маданий алмашуулар жүрүп турат. ОшТУ менен аталган борбордун ортосундагы жүргүзүлүп жаткан макулдашууларга ылайык, эки өлкөнүн студенттерин мобилдүүлүк программасы боюнча окутуу жолго коюлуп жатат.

Университет жетекчилиги Япония мамлекетине ОшТУнун студенттерди жөнөтүү боюнча Иваи Ацуму менен бардык жагдайларды талкуулашып, келечекте биргелешип иш алып баруу үчүн келишимдер түзүлдү. Бул келишимдерге ылайык, студенттер Япония мамлекетинен окууларын улантууга мүмкүнчүлүк алышат жана эки өлкөдөгү билим берүү программаларына катыша алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть