«ОшМУ-университет» кыз-келиндер волейбол клубу Кыргызстандын XV чемпионатын жеңди.
Финалдык беттештерда оюнчулар «Улар» клубун 3-0 эесебинде, «Салам Алик» клубун 3-1 эсебинде, «Дордой» клубун 3-2 эсебинде жеңип, чемпион болду.
«ОшМУ-университет» кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат. Учурда волейбол клубунда окутуучулардан жана студенттерден тандалып алынган 16 спортчу бар.
Клубдун президенти – ректор Кудайберди Кожобеков.
Башкы машыктыруучу – Нурзат Исмаилова.
Машыктыруучунун жардамчысы – Уланбек уулу Курсант.