21:23 20 июля 2022

«Алтайдан Чоң – Алайга» аттуу эл аралык экспедициянын өкүлү Иван Назаров ОшМУда болду

Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров “Алтайдан Чоң –Алайга” эл аралык экспедициясына болгон иш сапарынын соңунда ОшМУда болуп, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Ошондой эле окуу жайдын искусство, чыгыш таануу жана тарых факультети менен таанышты.

Алтай мамлекеттик университети менен ОшМУнун искусство факультетинин ортосунда 2021-2022-окуу жылында кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Анда Алтай университетинин искусство факультетинин дизайн кафедрасы менен ОшМУнун искусство факультетинин дизайн кафедрасынын ортосунда магистратурага кош дипломдуулук боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүнкү жолугушууда аталган келишим кайрадан жаңыланды. 2022-2023-окуу жылында Алтай университети костюм жана текстиль искусствосу боюнча магистратурага 7 гранттык орун бөлүп берди. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде болгон жолугушууда да тарых адистиги боюнча магистратурага кош дипломдуулук боюнча келишим түзүү маселелери боюнча сөз болду. Бул келишимге кол коюлса окуу жай 5 гранттык орун берүү чечимин да билдирди.

Искусство факультетинде окумуштуу факультеттин окутуучулары Кимия Төрөгелдиева жана Зура Турдубаеванын баш кийимдер коллекциясына күбө болушту.

Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров орусиялык жана кыргыз окумуштууларынын Кыргызстандын түштүгүндөгү экинчи биргелешкен экспедицияга келген. “Алтайдан Чоң –Алайга” аттуу эл аралык экспедициясында Алтай мамлекеттик университетинин, ОшМУнун жана Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары биргелешкен комплекстүү этнографиялык изилдөө жүргүзүшкөн. Буга чейин мындай комплекстүү изилдөө 1953-жылдан 1956-жылга чейин болгон. ОшМУнун колдоосу менен мындай чоң экспедиция кайрадан жанданып уюштурулуп баштады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть