16-сентябда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Фуртванген Виллинген-Швеннинген прикладдык илимдер университетинин, Гейдельберг университетинин жана Бхарат жогорку билим берүү жана изилдөө институтунун катышуусу менен медициналык инженерия тармагындагы кош программалардын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулоо максатында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө катышуучуларга эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректор, профессор Гүлмира Жумалиеванын презентациясы тартууланды.
Андан соң профессор Герд Хаймерль, инженерия илимдеринин доктору Андреас Дитц баяндама жасашты, доктор Ильязбек Казакбаев өз презентациясында перфузия тармагындагы алдыңкы технологияларга токтолду.
Ошондой эле Бхарат жогорку билим берүү жана изилдөө институтунан доктор Венкатеш Бабу Ранганатан баяндама жасап өттү.