18:02 21 сентября 2022

ОшМУнун 2 бүтүрүүчүсү жыл мыктылары болду

Ош шаардык мэриясы менен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими-2022» кароо-сынагында ОшМУнун бүтүрүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу баш байгеге коюлган автоунааны жеңип алды.

Нурсултан Акылбек уулу ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетин 2016-жылы аяктап, учурда шаардагы №52 мектеп-лицейинде математика мугалими болуп эмгектенет.

Ал эми ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 2011-жылкы бүтүрүүчүсү Гүлназ Түленбаева «Жылдын мыкты тарбиячысы-2022» деп табылып, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Бүгүнкү күндө Гүлназ Түленбаева шаардагы №39 «Күн нуру» балдар бакчасында тарбиячы болуп иштейт.

«Жылдын мыкты мугалими-2022» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2022» кароо-сынагына жалпы 12 педагог катышкан болсо, анын 9у — ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү. Бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар берилди. Кароо-сынак бир нече этапта өткөрүлүп, чечүүчү баскычы 20-сентябрда болуп өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть