20:44 16 октября 2022

ЫМУнун жатаканасында «Энелердин жүрөгү ыйлабасын» аттуу иш-чара өттү

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жатаканасында жашаган студенттерге педагогика факультетинин студенттери тарабынан даярдалган Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин арбагына таазим иретинде «Энелердин жүрөгү ыйлабасын» аталышындагы иш-чара болуп өттү. 

Иш-чарада Баткен коогалаңында каза болгон жоокерлердин эрдиктери даңазаланып, патриоттук сезимди ойготкон ырлар, сахналаштырылган чакан сценкалар коюлуп, көркөм окуулар көрармандардын жан дүйнөсүн ойготуп, көзгө жаш алдырды.

Иш-чараны педагогика факультетинин кураторлору биргелешип даярдашкан.

«Албетте, мындай иш-чара ушуну менен эле токтоп калбайт, кийинки жума дене тарбия адистигинин кураторлору ушул сыяктуу иш-чараны өткөрүшөт», - деди факультеттин деканы А.Анапияева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть