20:34 17 октября 2022

Батыш Чех университетинин студенттерине ОшМУнун сертификаттары тапшырылды

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Чехия мамлекетинин Батыш Чех университетинен келип, ОшМУдан билим алган студенттер менен жолугушту. Ал ОшМУда окуусун ийгиликтүү аяктаган 12 студентке ОшМУнун сертификаттарын тапшырды.

Студенттер Кыргызстандын маданияты, билим берүүсү менен таанышып, ОшМУда билим алып жаткан жаштар менен пикир алышып, достошуп, Ош шаарынын тарыхый, кооз жайларында болуп, көп маалыматка ээ болушкандыктарын, мындан ары да эки университеттин кызматташтыгынын артуусуна салым кошорун белгилешти.

«18-сентябрь күнү биз Ош шаарына биринчи жолу келдик. Келгенден тартып эле ОшМУдан билимибизди улантып баштадык. Менин Кыргызстандагы билим алууга болгон сапарым жемиштүү болду, анткени окуу жайдагы студент достор жана окутуучулар бизди жылуу тосуп алышты. Мугалимдердин сабак өткөнү, меймандостугу биздин эсибизде калды. Негизи эле Кыргызстандыктар аябай меймандос эл экен», - деди Батыш Чех университетинин студенти Роман Порядин.

ОшМУ Батыш Чех университети менен 2018-жылдан бери академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть