17:14 10 ноября 2022

Оштогу ЖОЖдордун студенттик акыйкатчылары кызматташат

ОшМУда Ош шаарындагы ЖОЖдордун акыйкатчыларынын жолугушуусу болду.

Жолугушууга ОшМПУнун студенттик акыйкатчысы Бакытбек Камчибеков, ОшТУнун студенттик акыйкатчысынын м.а Айдарбек Турапов, КӨЭУнун студенттик акыйкатчысынын м.а Данияр Исаев жана алардын структуралары, ОшМУнун факультет-колледждеринин акыйкатчылары, Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров жана ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова катышты.

Иш-чараны ОшМУнун Студенттик акыйкатчы аппараты демилгелеп, уюштурду. Анда Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттик акыйкатчылары иш тажрыйба алмашуу жана биргеликте кызматташуу келишимине кол коюшту. Ошондой эле Студенттик акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү бир нече иш-чараларды биргеликте жүргүзүүгө жана студенттердин укуктарын коргоого арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча да макулдашышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть