Ош технологиялык университетинде Илим күнүнө арналган «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу илимий кече өткөрүлдү.
Илимий жыйынга университеттин жалпы жамааты, УИАнын өкүлдөрү, жаш илимпоздор жана студенттер катышты.
Окуу жайдын ректору доцент, Ж.Турсунбаев Илим күнү менен жалпы жамаатты куттуктап, илимий иштерине ийгиликтерди каалады. Университеттеги илимий жетишкендиктерге ээ болгон профессордук-окутуучулук курамга, жаш илимпоздорго ардак грамоталар тапшырылды. Учурдун негизги талабы болгон илимий изилдөөлөр боюнча баяндамалар окулду.