18:16 14 ноября 2022

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде көп тилдүү билим берүү программасы талкууланды

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында «Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу: чакырыктар жана чечимдер» аталышындагы аймактык семинар өткөрүлдү.

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын, Казакстандын билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Конокторду университеттин жетекчилиги тосуп алып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, көп тилдүү билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып чыгышты. Кыдыруудан кийин синхрондук котормо жабдыктары менен камсыздалган лингафондук залда семинардык иш башталды.

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзүнөн кийин окуу жайдын ишмердигин чагылдырган видеобаян көрсөтүлдү. Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги көп тилдүү билим берүүнүн аткарылышы жөнүндөгү баяндама семинардын ишин улантты.

Андан соң Кыргызстан менен Казакстанда эне тилдин негизинде көп тилдүү билим берүүнүн натыйжалары жөнүндөгү фильмдин презентациясы болду.

Катышуучулардын тажырыйба алмашуу багытындагы суроо-жооптору, эркин аңгемелешүүсү менен семинар жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть