17:37 17 ноября 2022

ОшТУда профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда футбол оюну өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда факультеттер аралык футбол оюну өткөрүлдү.

Спорттук иш-чара ОшТУнун профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер ортосундагы XV спартакиадасынын алкагында уюштурулду. Оюнду өткөрүүнүн негизги максаты адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жамааттын маданий эс алуусун уюштуруу, дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

Оюнга жалпысынан 8 команда катышып, университеттин Дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышты.

Жыйынтыгында 1-орунга административдик башкаруу кызматкерлеринин командасы, 2-орунга архитектура жана курулуш факультетинин командасы, ал эми 3-орунга Өзгөн технология жана билим берүү институтунун командасы ээ болушту. Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть