16:47 17 ноября 2022

ОшМПУда бала бакча тарбиячылары билимдерин жогорулатышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде тарбиячылар 12 күндүк окуу курсунан өтүштү.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 31-октябрдан 12-ноябрга чейин окуу жайдын мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан окуу курсу уюштурулган. Университеттин окутуучулары атайын программанын негизинде түрдүү темада өз семинарларын өтүп, мугалимдерге педагогикалык чеберчилигин байытуу максатында балдар менен иштөөдөгү инновациялык усулдарды, көрсөтмөлүү, заманбап сабактарды өтүп беришти.

Бул менен бирге ата-энелер менен иштешүү эрежелерин, балдардын ой-чабытын, дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн көргөзмөлөрдү, бурчтарды уюштуруу жана ар кандай көрсөтмө куралдарды жасоо ыкмаларын үйрөтүштү.

Ар бир мугалим өз билимин кеңейтүүгө, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатканын эске алуу менен сабактарга жогорку активдүүлүк менен катышышты.

Соңунда уюштуруу тобу тарабынан ар бир катышуучуга 72 сааттык окуу курсунан өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть