16:57 7 декабря 2022

ОшТУда «Демилгелүү бийкечтин ийгиликтери» аттуу семинар өткөрүлдү

ОшТУда табигый-техникалык факультетинин кыздар кеңеши тарабынан «Демилгелүү бийкечтин ийгиликтери» аттуу семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага окуу жайды бүтүрүп, ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр, факультетте билим алып жаткан студент кыздар, ОшТУнун аялдар кеңешинин төрайымы жана чакырылган коноктор катышты.

Семинардын негизги максаты — кыздарды ишмердүүлүккө тартуу, аялзатынын коомдогу ордун даңазалоо болуп эсептелет. Учурда окуу менен бирге жумушта иштеп, өздөрүнүн кем-карчын толуктап, күнүмдүк керектөөлөрүнө акча таап жашаган кыздар көп. Ошондуктан алар келечекке карай кадам таштоодо белгилүү бир багытты көздөп, коомдогу ордун татыктуу табууга аракет кылып келишет. Семинарда ал кыздар окуу менен жумушту айкалыштыруунун жол-жобосу менен бөлүшүштү. Өздөрүнүн ийгилик сырлары тууралуу маек куруп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть