16:53 19 декабря 2022

ОшТУда улуттук адабият күнүнө арналган жумалык жыйынтыкталды

ОшТУда улуттук адабият күнүнө арналган жумалык жыйынтыкталды.

Гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын жамааты тарабынан 5-декабрдан 12-декабрга чейин залкарлар Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун урматына арналган «Чыгаандардын чыйыр жолунда» аттуу эскерүү жумалыгы белгиленген.

Жумалыкта «Сүрөттөр сүйлөйт» деген темада студенттер тарабынан тартылган сүрөттөрдүн сынагы, «Айтматов бар аалам толук көрүнчү», А«лыкулдун ырларында жан бар» деген темалардын бирөөсүн тандоо менен дилбаян жазуу сынагы жарыяланып, 14-декабрь күнү жыйынтыкталды.

Эскерүү жумалыгынын негизги максаты улуу жазуучу Ч.Айтматов менен лирик акын А.Осмоновдун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары, ырлары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын даңазалоо менен кийинки муундарга жеткирүү болуп саналат.

Иш-чарада улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармалардан сахналык көрүнүштөр аткарылып, лирик акындын ырларынан көркөм окулуп, студенттер тарабынан даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, чыгаандардын өмүр баяндарына, чыгармаларына байланыштуу түзүлгөн суроолорго жооп берүү жана ырларды улантып айтуу шарттары аткарылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында жумалыкта жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, активдүү катышкан студенттер диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть