16:28 22 декабря 2022

Кыргыз мамлекеттик университети Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү

21-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Салтанатты окуу жайдын ректору, Айгүл Абдраева ачып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ишеналы Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө арналган 5 томдуктун, «Ишеналы Арабаев жана анын доору» («Ишеналы Арабаев и его эпоха»), «Эки доор инсаны – Эшенаалы Арабаев», «Ишеналы Арабаев – Кербен китеп», «Эшенаалы Арабаев жана Тоолуу Кыргыз облусу» китептеринин презентациясы орун алды. Аталган китептин авторлору сөз сүйлөп, басылып чыккан эмгектердин мазмууну тууралуу кеңири маалымат беришти.

Андан соң Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан тартылган XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевге арналган даректүү-публицистикалык фильмдин бет ачары болуп, көпчүлүккө көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть