18:26 26 декабря 2022

ОшМПУ менен Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети кызматташуу келишимине кол коюшту

Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов келди.

Ал окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам менен жыйындар залында жолугушуп, таанышып, баарлашты. Жолугушууда ректор жыйындын мүчөлөрү менен тааныштырып, окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди.

Андан соң Салават Сагитовго сөз берилип, ал Кыргызстандын ЖОЖдору менен алака түзүп, кызматташуу максаты күч экенин белгиледи. Бул менен бирге БГПУ жана андагы кыргыз-англис борбору тууралуу маалыматтарды айтып, студенттерди, магистранттарды билим алууга чакырып, билим берүү айдыңында байланыш жүргүзүүнү сунуштады.

Кыргыз жана башкыр тилдери котормосуз түшүнүктүү болгондуктан, баарлашуу жогорку маанайда коштолуп, окуу жайлар алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, натыйжалуу иштерди аткарууга белсенип, жыйынтыгында ректорлор эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Аны улай коноктор студенттер менен да жолугушуп, БГПУ жана андагы шарттар, студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча маалыматтарды айтып, катышуучулардын кызыкдар болгон суроолоруна жооп беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть