17:50 26 января 2023

ЖАМУнун Конфуций институтунда Кытай жаңы жылы белгиленди

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун окутуучулары тил үйрөнүүчүлөрү менен биргеликте Кытай жаңы жылын белгилешти.

Окутуучулар Лю Махан, Чен Үижин, Ли Шуган Кытай жаңы жылы тууралуу фильм даярдашып, жаңы жылда каалоо-тилек жазуу үчүн кызыл кагаздарды, калыптуу сичуан кагаздарын кыркып, ар бир курстан катышуучу студенттерди топтошту.

Студенттер кытай тилинде калоо-тилектерди кызыл кагаздарга жазышып, өздөрү каалаган жерлерге илип чыгышты. Кытай маданияты, жыл майрамы тууралуу фильм көрүшүп, алган таасирлерин ортого салышты. Өзүлөрүн кызыктырган суроолорго жооп алмашты. Ар элдин жаңы жыл майрамы календардык, мезгилдик айырмачылыктарга ээ болгону менен, жалпы адамзаттын жакшылыкты, тынчтыкты, молчулук-токчулукту, жанган үмүттөрдүн аткарылышын күтүүсү менен окшошуп турарын билишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть