19:48 24 февраля 2023

ОшТУда Эне тил күнүнө арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде кыргыз жана орус тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка университеттин ар кайсы факультетинде билим алып жатышкан ар улуттагы студенттер өздөрүнүн тилинде ыр, күүлөрдү даярдап келишти. Сахнада ар улуттун тилинде мукамдуу ырлар ырдалып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев майрамдык салтанатка келген бардык конокторду бүгүнкү эне тилдин эл аралык күнү менен куттуктап, эне тилибиздин кадыр-баркы, аны сактоо эне тилде сүйлөө менен ишке ашырыла тургандыгын белгиледи. Кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы профессор А. Т. Саттарова өзү жетектеген жамаат менен биргеликте чейрек кылымга жакын университеттеги мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүдө көптөгөн иштер аткарылгандыгын белгилөө менен учурдагы окуу жайдагы кыргыз тилинин абалы жөнүндө маалымат берди.

Бул күн 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясы “Эне тилдин эл аралык күнү” деп кабыл алган. Маалыматка ылайык, бул күндүн тарыхы 1947-жылга барып такалат. Тактап айтканда, англичандардын Индостан жарым аралынан кайтып кетиши менен урду тилинде сүйлөгөн Пакистан менен бенгал тилинде сүйлөгөн Бангладеш өлкөлөрү биригип, бир Пакистан Ислам Республикасы түзүлгөн. Өлкөнүн мамлекеттик тили катары урду тили кабыл алынган. Бул Бангладеш элинин нааразычылыгын жаратып, натыйжада «эне тилди сактап калуу» деген ураан менен 1952-жылдын 21-февралында бенгал студенттер көтөрүлүшкө чыккан. Козголоң күч органдары тарабынан аёосуз басылып, митингге чыккан жаштардын көбү кыргынга учураган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть