19:53 24 февраля 2023

ОшТУнун студенттери Корея мамлекеттик стипендиясына ээ болушту

2022-23-окуу жылында ОшТУнун 6 студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде гранттын негизинде окууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар ушул жылдын март айынан ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп башташат. Кореяга жөнөп жаткан студенттерди университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, башка өлкөдө билим алууларына ийгилик каалады.

Биздин окуу жайда орун алган корей тил борбору көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча иш аткарып келет. Буга чейин дагы бир нече студенттерибиз Корея мамлекетинин бир канча жогорку окуу жайларынан билимдерин улантып келишкен.

2023-жыл Корея мамлекеттик стипендиясынын ээлери:

1. Жалалов Байыш КЛ-22, Куңмин университети,

2. Кайдыева Аида КЛ-20, Кёңбок университети

3. Эргешова Назима ИВТ-21, Ёңжин университети

4. Темирбаева Айтегин КЛ-21 Инже университети

5. Маматова Айжан ЭОиЭТ-21, Коняң университети

6. Улукбек кызы Айжана До-20, Силла университети

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть