9:12 25 февраля 2023

ОшТУда билим алып жаткан чет элдик студенттер арасында «Акыл таймашы» өттү

Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан чет элдик студенттердин арасында «Акыл таймашы» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Оюндун максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана Тышкы иштер министрлигинин мыйзамын жайылтуу болуп эсептелет.

Бул таймашка архитектура жана курулуш факультети, табигый-техникалык факультети, технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, энергетика факультетинин студенттери катышты. Мында мамлекеттин мыйзамдарына тиешелүү болгон суроо-жооптор болуп, студенттер өздөрүнө тиешелүү болгон мыйзамдардын аткарылышы тууралуу талкуулар болду.

Активдүү катышкан студенттер акчалай сыйлыкка ээ болуу менен бирге Кыргызстандын түштүк аймагында 27-февралда өтүүчү ЖОЖдор арасындагы Брейн-Ринг акыл таймашына жолдомо алышты. Алар:

1. Расылов Мухамед ХТ-1-21;

2. Бактиеров Жамшид ТПСХП-1-20;

3. Кучкаров Шабданбек ХТ-2-20;

4. Матмуратов Шукурбек ПГС-1-20;

5. Монкобаев Абдукайым ПГС-1-20;

6. Турдалиев Мухамадюсуф СТР-1-21.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть