Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамынын урматына арналган майрамдык салтанат башталды.
Жалпы жамааттын жана студенттердин катышуусунда сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү башталып, кайнатылып жаткан сүмөлөктү майрамдык салтанатка келген ар бир катышуучу тилектерин айтышып, аралаштырып жатышты. Университеттин ректору Ж.Турсунбаев майрамдык салтанатка катышып, сүмөлөктү аралаштырып, жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, окуу жайдын келечекте өсүп-өнүгүп, мыкты кадрларды даярдай берген куттуу окуу жай боло беришине тилектештигин билдирди.
Майрамдык иш-чара университеттин маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлеринин жана студенттердин обон созгон музыкалык чыгармалар менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.