18:12 27 марта 2023

ОшТУ Россиянын Ростов-на-Дону жана Ярсловаль шаарлары менен кызматташууну улантат

23-мартта Ош технологиялык университетинин жетекчилиги Россиянын Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынын делегациялары менен жолугушту.

Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов, Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова баштаган делегация менен жолугушууда ЖОЖдор аралык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программалары, эки тараптын профессордук-окутуучулук курамы биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында келечекте Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарлары менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү, ар кандай илимий долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу тармагында кызматташтык программасына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть