11:40 10 апреля 2023

ОшМУнун студенти Динара Камчыбекова жылдын мыкты спортчусу болду

2023-жылдын 6-апрель күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда 2022-жылы ийгилик жараткан мыкты спортчуларга жана машыктыруучуларга Ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Салтанатттуу иш-чарада ОшМУнун медицина факультетинин студенти Динара Камчыбековага “Жылдын мыкты спортчусу-2022” наамы ыйгарылды. Динара Камчыбекова ОшМУнун Медицина факультетинин 3-курсунун студенти. Ал буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казак күрөшү боюнча күмүш байге уткан. Азия чемпионатында күрөштүн классикалык түрү боюнча катышып, коло медалды жеңип алган. Динара Камчыбекова дзюдо жана алыш күрөш боюнча спорттун чебери.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть