13:57 17 апреля 2023

Гапыр Мадаминов КММАда конок лектор катары акыл эмгегинин мадагияты боюнча ой бөлүштү

Бүгүнкү күндө ОшМунун мыкты окутуучусу, педагог-новатор, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими жана окутуу процессинде эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдөөчү «дасторкон үстүндөгү университеттин» негиздөөчүсү, республиканын бардык аймагына белгилүү инсан Гапыр Мадаминов И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессордук-окутуучулар курамына конок-лектор катары акыл эмгегинин маданияты боюнча ой бөлүштү.

Ал алыскы айыл жергеси Баткен областынын №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясында мугалим катары эмгектенип жүрүп, педагогика илимдериниин кандидаты даражасына ээ болгон. 

«Агай» тасмасы да дал ушул агайдын устаттык өнөрүнө багытталганы жөнүндө да сөз болуп, мыкты насааттары кызыгууну жаратты. Лекциянын аягында суроо-жооптор берилип, мыкты суроолорго автордук китептер белекке тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть