9:43 17 мая 2017

С.Нааматов атындагы НМУ менен Вайенштефан-Триздорф университетинин кызматташтыгы уланууда

16 май күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине (НМУ) Германиянын Вайенштефан-Триздорф университетинин окутуучулары Карл Айшер жана Гюнтер Кониг иш сапары менен келип кетишти.

Бул иш сапардын негизги максаты болуп:

• Нарын мамлекеттик университети менен таанышуу;
• НМУнун “Агрардык менеджмент” магистердик окуу программасынын ишмердиги менен таанышуу;
• НМУнун студенттери менен жолугушуу, Вайенштефан-Триздорф университетине тапшыруу шарттары тууралуу маалымдоо;
• Нарын аймагындагы кооперативдер менен жолугушуу болгон.

Келген коноктор биринчи НМУнун ректору, проф. Дамира Кемеловна менен жолугушту. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы тажрыйба алмашуу, келечекте биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланды.

НМУнун Эл аралык магистердик борборунда “Агрардык менеджмент” магистердик окуу программасынын ишмердигин талкуу болду.

Мындан тышкары коноктор НМУнун немис тилдери борбору, түрк тили жана маданияты борбору, Кытай борбору жана Эл аралык байланыштар бөлүмү менен таанышты.

Немец окутуучулары НМУнун «Экономика, бизнес жана башкаруу» факультетинин 3-4 курсунун студенттери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле билимдерин улантууну каалаган студенттерди Триздорф университетине чакырып, ал үчүн адистикти жакшы окуу менен бирге, немис тилин терең өздөштүрүү керектигин баса белгилешти.

Вайенштефан-Триздорф университетинин окутуучулары сапарынын экинчи жарымында Нарын аймагындагы кооперативтерге барып алардын ишмердиги менен таанышышты.

Эскерте кетсек, окутуучулар Вайенштефан-Триздорф университетинде "Банк иши”, “Кредиттик кооперативдерди өнүктүрүү” предметтеринен сабак беришет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть