9:15 20 декабря 2017

Нарын мамлекеттик университети Түркиянын Кастамону университети менен кызматташат

2017-жылдын 19-декабрында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине Турциянын Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын жетектеген делегация официалдуу визит менен келди.

Бул визиттин негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу. Алгач Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын мырза НМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, анда мейман катышуучуларга Кастамону университети жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, НМУ менен мындан ары кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Нарын мамлекеттик университетинин ректору профессор Омуралиева Дамира Кемеловна мейманды Нарын мамлекеттик университети менен тааныштырып, кызматташтык максаты үчүн каралган айрым долбоорлорго токтолуп өттү.

Жолугушуунун соңунда эки университеттин ортосундагы мындан аркы кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Андан соң делегация НМУнун Турк тилдер борборунда болуп, студенттер тарабынан даярдалган көрсөтүүлөргө күбө болуп кайтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть