15:03 10 апреля 2018

ОшТУнун спорттук командалары “Универсиада - 2018де" алдыңкы орундарга чыгууда

Ош технологиялык университетинин спорттук командалары Бишкек шаарында уюштурулуп жаткан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар аралык “Универсиада - 2018” Кыргызстан чемпионатында бир топ ийгиликтерге жетишип, алдыңкы орундарга ээ болушууда. Атап кетсек: стол тенниси боюнча кыздар командасы 1-орун, тогуз коргоол мелдешинде балдар командасы 1-орун, футбол боюнча балдар командасы 3-орун, грек-рим күрөшүндө 3-орун, улуттук күрөштө 2-орун, Самбо боюнча 3-орун, жана волейбол боюнча балдар командасы 1-орунду ээлешти.

Окуу жайдан “Универсиада - 2018” Кыргызстан чемпионатына жалпысынан 17 спорттун түрү боюнча командалар катышууда. Ош технологиялык университетинин “Дархан ОшТУ” волейбол командасы Бишкек шаарында өтүп жаткан Жогорку окуу жайлар аралык универсиадада 1-орунга ээ болушуп, республиканын чемпиондору болушту. Аталган клубдун оюнчулары жалпысынан 5 оюн өткөрүшүп, финалдык мелдешке Кыргыз Техникалык университетинин командасы менен беттешкен. Жыйынтыгында ОшТУнун “Дархан ОшТУ” волейбол командасы “Универсиада-2018” Кыргызстан чемпионатында жогорку лигада чемпион болушту. Бүгүн команданын жалпы курамын жана машыктыруучусун ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов кабыл алып, куттуктоо сөздөрүн айтып, мындан аркы да ийгиликтерди каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть