11:27 20 апреля 2018

ОшТУ Алай жана Кара-Кулжа райондорунун мектеп окуучулары үчүн кесипке багыттоо иш-чарасын уюштурду

Ош технологиялык университетинин кесипке багыттоо иш-чарасы Ош облусунун Алай жана Кара-Кулжа райондорунун мектеп окуучулары үчүн уюштурулду.

Иш-чарасына Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Бул иш-чара окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 1700гө жакын мектеп окуучулары катышты. Окуучуларга жана ата-энелерге Ош технологиялык университети тууралуу кенен маалыматтар берилип, видеороликтер көрсөтүлдү.

Мектеп окуучулары Ош технологиялык университетинде аткарылып жаткан окуу-тарбиялык иш-чаралар тууралуу жакындан маалымат алышып, өздөрүнүн келечектеги кесип тандоосуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилешти. Кезектеги кесипке багыттоо иштери Ноокат, Кара-Суу райондорунда уюштурулмакчы.

Мындай иш-чаралар буга чейин Өзгөн шаары жана Өзгөн районунун окуучулары үчүн уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть