10:35 4 мая 2018

Химиктер ардактуу профессор Б.М.Боркоев атындагы стипендияга татыктуу болушту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдыгына карата “Күчтүү университет – өнүккөн аймак, кубаттуу өлкө” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияда окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Химия” адистигинин студенттери Шокиржан кызы Мухаё жана Акылбекова Айзада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, ЖАМУнун ардактуу профессору Б.М.Боркоев атындагы стипендияга ээ болушту.

Профессор Б.М.Боркоев атындагы жекече стипендиянын максаты – окууда, коомдук иштерде активдүү катышкан студенттерди материалдык жактан колдоо жана дем берүү болуп эсептелет.

Стипендия жыл сайын 3-курстун эки студентине 50 доллар өлчөмүндө профессор Б.М.Боркоевдин эсебинен берилип турмакчы.

Профессор Б.М.Боркоев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Химия” кафедрасынын башчысы, илимий иштер боюнча проректор, окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенген жана ЖАМУнун өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Химиялык инженерия” кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть