16:19 14 мая 2018

Ош технологиялык универститети Берлин жана Дрезден университеттери менен кызматташат

Ош технологиялык университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Абидов жана Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы химия илимдеринин кандидаты, профессор Дүйшөнали Жорокулов 2018-жылдын 5-12-май күндөрү Борбордук Азиядагы билим берүү программасынын алкагында Азия мамлекеттеринин делегациясынын курамында Германия мамлекетинде уюштурулган окуп-таанышууга барып келишти.

Иш-сапардын жүрүшүндө Берлин технологиялык университети жана Дрезден техникалык университети менен кызматташуу Меморандумуна кол коюлуп, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүк боюнча макулдашууларга жетишилди. Ушул программанын алкагында окуу жайдын Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин Азык заттар жана айыл-чарба азыктарынын технологиясы кафедрасынын 3 лабораториясына 2 млн 700 миң  сомдук жабдыктар ушул жылдын сентябрь айына чейин келүүсү күтүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть