18:15 17 мая 2018

Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев эскерилди

2018-жылдын 15-майында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнө карата эскерүү адабий кечеси болуп өттү. Өмүр бою талбай изденип, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Сооронбай Жусуев көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак.

Адабий кечени КМКТАУнун илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Маданбеков Нуржан Жоломанович ачып берди. Ал өз сөзүндө университеттин жетекчилигинин, эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдун урматына арналган иш-чара келген меймандарга ыраазычылык билдирди.

Аталган адабий эскерүү кечеге 20дан ашуун ар тармактын өкүлдөрү катышып, улуу акын Сооронбай Жусуев тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Атап айтсак: КРнын Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (BOUC) алтын медалынын ээси Тынчтыкбек Нурманбетов Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгына кенен токтолуп, ушундайча эскерүүлөр жаңы муундар үчүн өрнөк болорун белгиледи. Андан соң Фатима Абдалова, Нурлан Калыбеков ж.б. чыгып сүйлөштү. Адабий кечеге КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна, КРнын эмгек сиңирген куруучусу, “Кара-Кулжа ынтымак” коомунун мүчөсү Жамшитов Жаңыбай Жамшитович, “Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу, котормочу Жумадин Кадыров, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын президенти Токтосартов Камалидин, вице-президенти Лира Токтосартовна, Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын президенти Нурбек Мамытбаев, “Канат менен Зарина” коомдук фондунун президенти Клара Кыдыршаева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Гүлжамила Шакирова, акын, философия илимдеринин доктору, профессор Калбүбү Сариева - Сооронбай Жусуевдин көркөм дүйнөсүн кенен ачып берип, профессордук-окутуучулар жамаатына, студенттерине чоң таасир калтырышты. Ошону менен катар келген меймандар (автордук) ырларынан көркөм окуп бергени өтө таасирдүү кабыл алынды.

Ал эми Түрк маданиятынын эл аралык уюмундагы (ТЮРКСКОЙ) КРнын өкүлү, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин Сооронбай Жусуев боюнча изилдөөчү, “Сооронбай Жусуев” атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, “Кыргыз тили” кафедрасынын башчысы доцент Карлыгач Жумакадырованын Сооронбай Жусуевдин чыгармаларын элге жайылтуудагы көп жылдык жана эмгегин өзгөчө баалоо менен ТЮРКСОЙдун “ЖУСУП БАЛАСАГЫН” медалын тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Г.Ү.Ибраимова да Н.Исанов атындагы КМКТАУ техникалык окуу жай болсо да мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көрүнүктүү иштер жасалып жатканына баса белгилеп, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип кетти. Келген меймандардын бардыгы университеттин иши көңүлгө толо тургандыгын жакшы белгилешти жана “Сооронбай Жусуев” атындагы мамлекеттик тил борборуна өтө баалуу китептерди тапшырышты.

Университеттин 1-курсунун студенттери (ЭУП,МЭ-1-17 т.) тарабынан даярдалган Сооронбай Жусуевдин “Канат менен Зарина” чыгармасынан сахналаштырылып көрсөтүүдө жаштардын аткаруу чеберчилиги кечени көркүнө чыгарса, Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган “Сүйүү вальсы” ырын “Кыргыз тили” кафедрасынын улук окутуучусу Аида Бариева мыкты аткаргандыны иш-чаранын шаңына шаң кошту.

Жыйынтыгында Сооронбай Жусуевди эскерүү адабий кече жогорку деңгээлде уюштурулуп, өз максатына жеткендигин, “Сооронбай Жусуев” атындагы мамлекеттик тил борборду мындан ары да кеңейтип өнүктүрүү зарыл экендигин иш-чаранын катышуучулары белгилеп кетишти. Мындан ары да Сооронбай Жусуевдун туулган күнүн (ар жылы 15-майда) өткөрүү салтка айлана тургандыгы жакшы көрүнүш катары кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть