«Мир» кинотеатрынын алдында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин катышуусу менен окуу жайдын окутуучусу Гүлзат Матазимованын жетекчилиги астында «Биз ала качууга каршыбыз!» аттуу акция болду.
Акцияда жаштар колдоруна «Биз ала качууга каршыбыз», «Ала качуу кылмыш», «Ар бир кыз бактылуу болууга укуктуу», «Кыз ала качуу жапайычылык», «Кыз ала качуу салт эмес», «Кыздардын тагдырын талкалаба!» деген жазууларды кармап чыгышкан.
Андан сырткары кыз ала качуу жөнүндө стенка коюлду. Иш чара 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши тарабынан Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып барып өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө байланыштуу уюштурулду.