13:43 3 сентября 2018

ЖАМУда Мамлекттик кызматкерлерди окутуу жана кеңеш берүү борбору ачылды

1-сентябрда ЖАМУда Мамлекттик кызматкерлерди окутуу жана кеңеш берүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Борбор "Эразмус+" программасынын ROAD (жергиликтүү аймактык өнүгүүлөрдүн максаттары – 574243-EPP-1-2016-1-PT-EPPKA2-CBHE-JP) долбоорунун алкагында ачылып, анын негизинде университетке 23 миң евролук заманбап жабдыктар алынып келинген.

ЖАМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Маткалыкованын айтымында, долбоордун максаты – Түркмөнстан менен Кыргызстанда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана виртуалдык кампустарды шериктеш жогорку окуу жайларда түзүү, ЖОЖдун окутуучуларын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кайра окутуу жана аймактык өнүгүүлөрдүн стратегияларын иштеп чыгуу.

"ROAD долбоордун алкагында бир нече окутуу программалары иштелип чыгат. Алар шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталып, аларга туристик борборлорду, шаардык траспорттун инфраструктурасын, шаарды өнүктүрүү, каржылык көзөмөл, мамлекеттик чыгашалардын аудити жана баасы, өнүгүүлөрдү башкаруу жана туризм эканомикасы багыттарына басым жасалуу камтылган", – дейт бөлүм башчы.

"ЖАМУга келген ар бир долбоордун туруктуулугу биз үчүн өтө маанилүү. Жакында университеттин ректору, Кеңешбек Усенов "Ханс Зайдел" фонду менен Башкаруу академиясы уюштурган бизнес-ланчка катышып, “Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутуу жана кеңеш берүү борборунда” кечки окутууларды уштурууну сунуштап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди", – деп кошумчалады Г.Маткалыкова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть