12:21 10 ноября 2018

ЖАМУда «Көчмөндөр маданияты-2018» фестивалы өтөт

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 13-ноябрь күнү студенттер арасында «Көчмөндөр маданияты - 2018» фестивалы болот. Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына, ЖАМУнун 95 жылдыгына жана III Көчмөндөр оюнуна карата уюшулуп жатканын окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

Фестивалдын жүрүшүндө көчмөн элдерге таандык материалдык маданият көргөзмөсү уюштурулуп, көчмөндөрдүн спорттук оюндары ойнотулат.

«Фестивалдын максаты – ата-бабалардан калган улуу мурастарды унутта калтырбай, жаштарга үйрөтүү. Салт-санааларыбызды кийинки муунга мурас катары калтыруу», - дейт А.Доранова.

Иш-чарага окуу жайдын факультеттеринде билим алып жаткан студенттер катышат. «Көчмөндөр маданияты» фестивалы быйыл экинчи жолу уюштурулууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть