10:16 3 декабря 2018

«Манас» университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган студенттердин жалпы республикалык фестивалы өтүүдө

2018-жылы 3-декабрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчулу, коомдук жана мамлекеттик ишмери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  «Айтматов-Фиеста» аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин жалпы республикалык фестивалы өтүүдө. Фестиваль Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары катышкан фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, бардык номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Фестивалдын уюштуруучулары – КТМУнун гуманитардык факультети, Чыгыш тилдер бөлүмү («Орус тили жана адабияты» программасы жана «Кытай тили жана адабияты» программасы) жана Конфуций институту.

Иш-чаранын максаты – студенттерди Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын билүүгө кызыктыруу, бири-бири менен жакындаштыруу, алардын лидерлик сапаттарын тарбиялоо, эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоо.

Аталган фестиваль орус, кыргыз, түрк, англис, кытай тилдеринде жүргүзүлѳт.

Фестиваль бир күндө үч багытта жүргүзүлөт.

Биринчи багыты: «Айтматовдун чыгармаларын ролдоштуруп көркөм окуу».

Катышуучуларга талап: жазуучунун чыгармаларынан ролдоштуруп, 3 мүнөттүк көркөм окуу даярдоо (музыкалык коштоо, реквизиттери менен болушу күтүлөт).

Экинчи багыт «Менин Айтматовум» деп аталып, алдын ала даярдалган кыска оозеки тезистерден турат. Аталган оозеки тезистердин маңызы – студенттин жеке өзүнүн Айтматов дүйнөсүн оригиналдуу кабылдоосун көрсөтүүсү. Регламенти бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин. Мында конкурсанттар өз тезистерин отургучтарга орнотулган микрофондор аркылуу өз ордуларынан же трибунадан айта алышат.

Тезистер жазуу түрүндө кабыл алынбайт.

Фестивалдын үчүнчү багыты «Айтматов-викторинасы» деп аталат. Анда жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу ар кандай суроолор берилет. Эң активдүү катышуучулар баалуу белектер менен сыйланат.

Фестивалды өткөрүү үчүн курамы 9 адамдан турган абройлуу калыстар тобу түзүлөт.

Фестивалдын аягында үч багыттын тең жыйынтыгы чыгарылып, бардык номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аталат.

Жеңүүчүлөр үчүн каралган сыйлыктар:

1. «Айтматов-фиеста» баш байгеси (бир номинация 3000 сом)

2. Эки биринчи орун (үч багыттын тең жыйынтыгы жана номинациялары боюнча 2000 сом)

3. Төрт экинчи орун ( 1500 сом)

4. Алты үчүнчү орун (1000 сом)

5. Кызыктыруучу 10 сыйлык (үч багыттын тең жыйынтыгы жана номинациялары боюнча).

«Айтматов-фиеста» фестивалынын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть