14:18 15 февраля 2019

Агрардык университетте профессор С.Батаканова менен студенттер жолугушту

2019-жылдын 15-февралында КУАУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Батаканова жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Ш.Аматов инженердик-техникалык факультеттин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чарага факультеттин деканы, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.Темирбеков, профессор-окутуучулар катышышты. Жолугушууда алар окуу процесси, чет тилдерди интенсивдүү үйрөнүү, тарбиялык иштер, жүрүш-туруш эрежелери, рухий дүйнөнү байытуу, тазалык ж.б. тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды