9:48 26 февраля 2019

ТалМУда «Күч – билимде» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

ТалМУда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Күч – билимде» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Талас мамлекеттик университетинде Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Эл аралык эне тил күнүнө арналган Талас шаарында жайгашкан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын ортосунда «Күч – билимде» аттуу интеллектуалдык таймаштын финалдык айлампасы өткөрүлдү. Аталган оюн гуманитардык факультеттин «тарых» адистигинин 2-курсунун студенти Арстаналы уулу Бекназар тарабынан демилгеленип, тарых жана коомдук илимдер кафедрасы менен гуманитардык факультети тарабынан колдоого алынып уюштурулган.

Аталган интеллектуалдык оюн буга чейин Талас шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын арасында өткөрүлүп, 48 команданын арасынан мыкты деп тандалып алынган 8 команда финалда ат салышты. Финалдык айлампада «Умай эне» командасы 1-орунга, «Манас» командасы 2-орунга, «ТЭФ» командасы 3-орунга ээ болуп, атайын дипломдор жана белектер менен, калган 5 команда мүчөлөрү баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть