Кече, 26-февраль күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жашоо сабагы» атту семинар болуп өттү. Ага университеттин окутуучулары жана Чүйдөгү мектептен келген окуучулар катышып, бир топ пайдалуу маалыматтарды ала алышты.
Иш-чара 2 саатка созулду. Анда түрдүү баяндамалар окулуп, мастер-класстар өтүлдү. Чүй облустук мектеп-гимназиясынан келген окуучулар накыл кептерди, макал-лакаптарды айтып беришти. Ошондой эле семинарда ой толгоолор айтылып, концертик программа да орун алды.